Оштогу базардан сууга агып баратканы видеого түшүп калган адам куткарылды

Видео кечээ базарды суу каптаган учурда тартылып, соцтармакка тараган. Анда базардын ичинде арканды кармап аркы өйүзгө өтүп бараткан киши сууга агып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Оштун борборундагы базарда сел суусуна агып баратканы видеого түшүп калган адам аман-эсен. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.
Видео кечээ базарды суу каптаган учурда тартылып, соцтармакка тараган. Анда базардын ичинде арканды кармап аркы өйүзгө өтүп бараткан киши сууга агып кеткен. Маалыматка ылайык, аны ылдый жактан куткарып калууга мүмкүн болгон.
ӨКМ базардан сел агызган 9 киши куткарылганын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып, Ош шаарын жана Ош облусун суу каптаган. Селден улам жети жаштагы кыз каза болуп, дагы төрт адамды 350дөн ашык куткаруучу издеп жатат. Алардын ичинде суучулдар, кинологдор бар. Ал эми медициналык жардам үчүн жалпы тогуз адам ооруканага кайрылган.
Катуу жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады. Видео