БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Оштогу селден улам мамлекеттик органдар тарабынан элден каражат чогултуу демилгеси болгон жок. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүп, тийиштүү кызматкерлер күнү-түнү иш алып барууда.
"Ушундай мезгилде пайда боло калып, кырсыктан өзүнө упай чогултууну максат кылгандар болот экен. Ар кандай флешмоб уюштуруп, акча топтой калалы дегендерди байкап жатабыз. Балким, жакшы ойдо кылгысы келгендир, бирок чогулган акчага ким көзөмөл кылат, канча каражат чогулат, эч ким билбейт. Мамлекеттик органдар тарабынан элден каражат чогултуу демилгеси болгон жок, демек, жеке жарандар тарабынан чогултуп жаткан каражаттын даректүүлүгүнө жооп бербейбиз", — деп жазган ал.
Сулайманкулов кырдаалды пайдаланып, акча жасоону максат кылган шылуундардан этият болууну эскерткен.
Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 800дөн ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат эки адамдын өмүрүн алып, дагы үч киши изделүүдө.