Ошто сел агызган 7 жаштагы кыздын сөөгү табылды, дагы төрт киши изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ошто сел агызып кеткен 7 жаштагы кыздын сөөгү Өзбекстандын Шахрихонсой сайынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулар селге агып кеткен эки аялды жана эки кичине кызды издешүүдө. Алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени айтылган.
Эске салсак, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып, Ош шаарын сел каптаган. Натыйжада "Мөл булак" эс алуу аймагынан бир аял жана анын үч кызын алып кеткени кабарланган. Сөөгү табылган кыз изделип жатканы үч кыздын бири экени айтылды. Ал эми экинчи аялды борбордук базардан сел суулары алып кеткен.
Мындан тышкары, сел 350дөй үйдү, социалдык объектилерди, жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Ошто элди эвакуациялоого жардам берип жаткан кишини КамАЗ тебелеп кетти