Испания футбол боюнча Европанын чемпиону болду

Ушуну менен испандыктар Европа чемпионатындагы титулдардын саны боюнча Германияны артта калтырды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Испаниянын футбол боюнча курамасы төртүнчү ирет Европа чемпиону болду.
Түндө өткөн беттеште Англиянын футболчуларын 2:1 эсебинде жеңген. 47-мүнөттө Испаниянын жарым коргоочу Нико Уильямс эсепти ачты. Ал эми 76-мүнөттө алмашууга чыккан Англиянын жарым коргоочусу Коул Палмер алыстан узатылган сокку менен эсепти теңеген. Анткен менен оюндун 86 мүнөтүндө испаниялык Микель Ойарсабаль гол киргизип, жеңиш алып келди.
Ушуну менен испандыктар континенталдык чемпионаттагы жеңиши боюнча Германиянын курамасын (3) артта калтырды.
Жалал-Абадда эл аралык футбол беттеши чоң салтанат менен аяктады. Сүрөттөр