БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги жумушсуздук 13,8 пайызга кыскарды. Евразиялык экономикалык комиссияга таянып Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы инфографика даярдаган.
© Sputnik_Infographics
ЕЭКтин маалыматында биримдиктин беш өлкөсүндө ишсиз жүргөндөрдүн саны 813,8 миңди түзөрү айтылат. Бул 2024-жылдын май айына карата статистика (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу).
Кыргызстанда расмий статистика боюнча 59,6 миң адам жумушсуз деп катталган, былтыр бул маалда 74,8 миң болчу.