БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандын резолюциясын кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 11-июлда Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилер институтун колдоо максатында демилге кылган жана алдыга койгон резолюциясын бир добуштан кабыл алды. Бул туурасында ТИМден билдиришти.
Кыргызстандын элчиси Омар Султанов долбоордун максатын айтып берди.

"Кеңеш тарабынан институтту (улуттук кеңешчилерди) тереңирээк түшүнүү Женевада өкүлчүлүгү аз өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө басым жасоону күчөтүп, алардын адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүгө, зарыл консультациялык жардамды берүүгө кепилдик берет", — деген дипломат.

Кабыл алынган резолюция Кыргызстандын эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө жана өнүгүп келе жаткан, чакан жана аралдагы өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган адам укуктары боюнча кеңештин тышкы саясатынын гармониялуу уландысы экени белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан Батыштын Россияга каршы резолюциясын колдогон жок