Байден АКШдагы саясий окуяларды басууга убакыт жеткенин белгиледи

Мамлекеттин башчысы Кошмо Штаттардагы саясий чыңалуу ноябрда шайлоо жакындаган сайын курчуп бара жаткандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден атаандашы Дональд Трампка жасалган кол салууга комментарий берип жатып, саясий чыңалуулардын "тынчышына мезгил жеткенин", ал эми зомбулук кадыресе көрүнүш катары калбаш керектигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Америкада мындай, деги эле зомбулуктун бардык түрүнө жол жок. Бүттү. Зомбулук кадыресе көрүнүш болуп калышына жол бербешибиз керек", — деген Байден Трампка кол салуу боюнча элге кайрылып жатканда.
Мамлекеттин башчысы Кошмо Штаттардагы саясий чыңалуу ноябрда шайлоо жакындаган сайын курчуп бара жаткандыгын белгилеген.
"Анын токтошуна убакыт жетти. Бул үчүн баарыбыз жоопкербиз. Ооба, арабызда пикир келишпестик бар, аталга шайлоодо коюлган нерселер өтө жогору. Демократияда булар болот. Бирок саясат сөздүн түз маанисинде алганда согуш талаасына айланбашы керек", — деген Ак үйдүн кожоюну.
Эске салсак, 14-июлда АКШнын мурдагы жетекчиси, күздө болчу кезектеги президенттин шайлоодогу негизги талапкерлердин бири Дональд Трампка куралдуу кол салуу болгон. Пенсильванияда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда атылган ок анын кулагына тийген. Атайын кызмат кол салган киши дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан ошол жердегилерден бир адам каза болуп, экөө оор жаракат алганы кабарланган.
Садыр Жапаров Дональд Трампка кол салууну айыптады