Александр Невскийдин жеңиши. Тарыхты баяндаган видео

Кудай — күчтө эмес, кудай чындыкта. Ири салгылашка кирер алдында 20 жаштагы князь Александр Ярославович ушул сөздөрдү айткан.
Sputnik
1240-жылы 15-июлда орус аскерлери Нева салгылашуусунда шведдерди талкалаган. Алар орустардын башка фронтто оор кармаш жүргүзүп жатканынан пайдаланып, чабуул коймок болот. Акырында өздөрү андан зыян тарткан. Мунун алдында шведдер санкция кылып, Рустун соода байланыштарын аксатуу үчүн Новгород портун тосуп салган.
Орустарды душман деп санап, аларды жөнөткөн Рим папасы бардык белгилүү болгон өлкөлөргө үстөмдүк кылууну каалаган. Чабуул коюу үчүн Ливон (немец ) ордени, даниялыктар, шведдер бириккен.
Бирок тарых сабактары баары үчүн бирдей эмес. 2023-жылы НАТОго Финляндия, 2024-жылы Швеция мүчө болгон.