Акылбек Жапаров: Ак-Буура дарыясын тазалап, түбүн бетондобосо сел кайталанат

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мындай масштаб 1993-жылдан бери болгон эмес. Бул тууралуу Акылбек Жапаров сел каптаган Ош шаарындагы базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди.
"Бул көрүнүш кайталанбашы үчүн Ак-Буура дарыясын тазалап, түбүн бетондоо зарыл. Болбосо баары кайталанат. Европада эмне болуп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Машиналарды суу агызып, имараттар талкаланууда. Күн жылып жатат. Ошондуктан мындай нерсе уланат", — деди Жапаров.
1 / 4

Мындай масштаб 1993-жылдан бери болгон эмес. Бул тууралуу Акылбек Жапаров сел каптаган Ош шаарындагы базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди

2 / 4

Бул көрүнүш кайталанбашы үчүн Ак-Буура дарыясын тазалап, түбүн бетондоо зарыл. Болбосо баары кайталанат

3 / 4

Ал комиссия келтирилген чыгымды эсептеп, жардам көрсөтүлөрүн убада кылды

4 / 4

Жапаровдун айтымында, дарыянын көптөгөн тилкелеринде жапыз көпүрөлөр курулган. Ошондуктан сел суусу жээгинен ашып кеткен

Ал комиссия келтирилген чыгымды эсептеп, жардам көрсөтүлөрүн убада кылды. Жапаровдун айтымында, дарыянын көптөгөн тилкелеринде жапыз көпүрөлөр курулган. Ошондуктан сел суусу жээгинен ашып кеткен.
Ошто сел агызып кеткен эки кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды