19 жашында өз студиясын ачкан балерина

Sputnik
Балет — бул эзелтен аруулуктун, кооздуктун, назиктиктин символу. Ага бүтүндөй өмүрүн арнап, күч-кубатын коротуп берилүү керек. Азыркы заманда бир гана балет менен алектенип отуруп калбай, аны ишкерликке айландырып жеке студиясын ачып эмгектенген бийчилерди да кезиктирүүгө болот. Мындай түйшүгү түмөн ишти 19 жашында колго алууга ар бир эле кишинин эрки жете бербейт эмеспи.
Бүгүнкү биздин коногубуз дал ушул көп эмес инсандардын катарын толуктаган, эмгекчил балерине Айгерим Табылдиева. Ал “Стимул” программасынын алкагында өз ийгилик сырлары менен бөлүшөт.