Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Мэр Бишкектен троллейбустар эмне үчүн алынып жатканын түшүндүрдүПесков НАТОнун саммитинин жыйынтыгы боюнча пикирин билдирдиОштогу селден жабыркап медиктерге 9 адам кайрылган алдыда кененирээкОштогу селден кийин медициналык жардам үчүн тогуз адам кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын айрымдары ооруканага коркуп калганынан барса, кээ бири жеңил жаракат алган. Дарыгерлерге көрүнгөн соң бардыгы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Эске салсак, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып, Ош шаарын сел каптаган. Натыйжада сел "Мөл булак" эс алуу аймагынан бир аял жана анын үч кызын алып кеткен. Бир кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Мындан тышкары, борбордук базардан дагы бир аял сууга агып кеткен. Бүгүн эки аял менен эки кызды 350дөн ашык куткаруучу издеп жатат. Алардын ичинде суучулдар, кинологдор дагы бар.
Бишкекте троллейбус менен жүргөн жүргүнчүлөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалындагы маегинде билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын беш айында троллейбустардагы жүргүнчүлөрдүн агымы 11,7 миллион адамды түзсө, быйыл сегиз миллионго гана жеткен. "Троллейбустарды автобустар менен электробустарга алмаштырууга айрымдар эмнеге мынчалык каршы болуп жатканын түшүнбөйм. Жол тыгынга байланыштуу көптөгөн каттамдарды өзгөртүүгө туура келип жатат. Бирок троллейбустардыкын антип өзгөртө албайсың. Айрымдар троллейбустар эң арзан транспорт деп ойлошот, чынында андай эмес. Мисалы, 1200 автобуска мэрия кетирген чыгым (субсидия) 638 миллион сомду түзсө, 115 троллейбуска 205 миллион сом бөлүнөт", — деди Жунушалиев.
НАТО саммитинин жыйынтыгы Россия үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Павел Зарубинге берген маегинде айтканын РИА Новости жазды. Журналист андан альянстын саммитинин жыйынтыгына кандай баа бересиз деп сураган. "Альянс бизге душман бойдон каларын демонстрациялап жатат. Украинанын НАТОго мүчөлүгү боюнча биздин негизги тынчсызданууларыбызга альянс ийкемдүүлүк кылбайт. Мындай бөгөт коңшу мамлекет кийин НАТОго кирерин так көрсөттү. Саммит альянстын мүчөлөрү Россиянын негизги тынчсыздануусун эске албай турганын далилдеди", — деген Песков. Президенттин маалымат катчысы белгилегендей, Батыштын мындай кадамдары азырынча сүйлөшүүлөргө эч кандай оңтойлуу шарт жок экенин көрсөтүп турат.
ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Dialogue Works эфиринде президенттикке талапкер Дональд Трампка Пенсильваниядагы кол салуу боюнча АКШнын Жашыруун кызматын сындады. "Американын атайын кызматы ишин так аткара алган жок, кечигип калышты. Контрснайпер балдардын видеосун көргөнгө чейин бул алардын таза эле компетентсиздиги деп эсептеп келгем", — деген Жонсон. Анын айтымына караганда, атайын кызматтагылар ок чыгара турган кишини көргөн, жай иштеп, эки жолу атып жибергенден кийин гана ата башташкан. Жонсон муну "атайын кызмат балким, Трампты өлтүрүү аракетине катышкан" деп сыпаттады.Жонсон берген интерьвюсунда атайын кызматтагылардын куралды колдоно албагандыгын белгилеп, мындай көрүнүш аны таңдантпагандыгын айтты.Аналитиктин айтымында, Жашыруун кызмат сыяктуу элиталык бөлүмдөрдө бардык эле учурда курал колдонууну беш колундай биле беришпейт.