VIII "Азия балдары" оюндары – Кыргызстандык жаш спортчулардын эл аралык деңгээлдеги ийгилиги

Sputnik
26-июндан 7-июлга чейин Россиянын Якутск шаарында VIII "Азия балдары" оюндары өттү. Ага ар кайсы өлкөдөн жалпы 24 команда катышып, Кыргызстандын спортчулары 33 медаль алып, 11-орунду ээледи. Өлкөнүн байге куржунунда 6 алтын, 12 күмүш жана 15 коло байге топтолду.
Эл аралык деңгээлдеги жаш кыргызстандык спортчулардын өксүгү, ийгилиги тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин аймактарда дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акинай Стамбаева айтып берди.