Радио

Бишкекте күзгө чейин жол белгилери коюлуп, чийиндер чийилип бүтөт

Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев бир тараптуу болуп өзгөргөн айрым көчөлөрдүн чийиндери атайын алмаштырылбаганын айтты.
Sputnik
Бишкектин көчөлөрүндөгү жол чийиндер 1-сентябрга чейин чийилип бүтөт. Муну менен катар эле жол белгилери дагы толук орнотулат. Бул тууралуу Жамалбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү иштерди өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тууралуу мэрдин атайын тапшырмасы бар.
"Жол чийиндерин бүтүргүлө деп бүгүн жыйында мэр тапшырма берди. Мөөнөтү 1-сентябрга чейин. Мектептер ачылганга чейин жол чийиндерди чийип, жол белгилерин коюп бүтүшүбүз керек. Жол эрежесин бузбай так болсок, баары ордунда болот. Учурда Бишкектеги айрым көчөлөр оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылганын билесиңер. Буга байланыштуу айрым көчөлөр бир тараптуу болуп өзгөргөн. Ал жерлерге жаңы жол белгилери коюлган менен жол чийиндери алмашкан эмес. Анткени оңдолуп жаткан жолдор бүтсө, кайра эки тараптуу болуп өзгөртүлөт", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле ал Бишкектин жашоочуларын оңдоп-түзөө иштерин түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, ынгайсыздыктар убактылуу экендигин кошумчалады.
Тема боюнча:
Ырсалиев: Бишкектин көчөлөрүнө сапаты мыкты асфальт төшөлүүдө