Министр: жилик чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция июлда жасалат

Операцияга үч бөбөк жана рак болгон бир чоң адам даярдалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Июлда Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу боюнча
алгачкы операцияны жасоо пландалып жатканын Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн миллион долларга жабдуу сатып алынган. Операцияга үч бөбөк жана рак болгон бир чоң адам даярдалууда.
"Өлкөдө жилик чучугун алмаштыруу боюнча көйгөй жаралып келген. Бул оору менен көбүнчө балдар жабыркайт, чоңдор дагы бар. Аны дарылоо чоң сумманы талап кылат. Чет өлкөдө операция 100-160 миң доллар турат. Биз жабдуунун баарын алдык. Трансплантологдор Россия менен Түркиядан окуп келишти", — деди министр.
Буга чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылары айтылган. https://sputnik.kg/20240210/bishkek-zhilik-chuchugu-almashtyruu-bolum-1082592720.html
Боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыгарылды