Талас шаарында үч чоң завод, 8 аттракцион курулат

Заводдор республикалык бюджеттин эсебинен салынмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Талас шаарында ири үч завод, сегиз ар кандай аттракцион курулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев билдирди.
1 / 2

Талас шаарында ири үч завод, сегиз ар кандай аттракцион курулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев билдирди

2 / 2

Мындан улам шаар мэри Эрмат Жумаев Кытайга иш-сапары менен барып, ал жактагы өндүрүшчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып келген

Маалым болгондой, Садыр Жапаров ушул жылы Талас шаарын өнүктүрүүгө тапшырма берип, республикалык казынадан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Мындан улам шаар мэри Эрмат Жумаев Кытайга иш-сапары менен барып, ал жактагы өндүрүшчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып келген.
"12-июлда Таласка завод куруу боюнча кытайлык өндүрүшчүлөр менен меморандумга кол коюлду. Завод, аттракциондорду кытайлык адистер салат", — деди мэр.
Анын айтымында, заводдун бири асфальт чыгарса, экөө темир-бетон жана кум-шагыл чыгармакчы. Завод иштеп баштаса, 100дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөрү кошумчаланды. Мындан тышкары, Талас шаарында 50 чакырым тротуар, веложолдор курулат.
Сентябрдын аягында Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет