Ошто сел аялды үч кызы менен агызып кетти

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Ош шаарында төрт адамды сел агызып кетти.
Мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, сел Төлөйкөн айылындагы “Мөл булак” эс алуу аймагындагы адамдарды алып кеткен.
1 / 2

Ош шаарында төрт адамды сел агызып кетти

2 / 2

Мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, сел Төлөйкөн айылындагы “Мөл булак” эс алуу аймагындагы адамдарды алып кеткен

Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, алар 44 жаштагы Д. Н. аттуу аял жана анын 19 жаштагы М., 10 жаштагы М., 6 жаштагы С. аттуу кыздары болгон. Учурда аларды куткаруучулар издеп жатат.
Бүгүн Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, короолор менен базарда токтоп турган унааларды агызып кеткен.
Катуу жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады. Видео