Ошто элди эвакуациялоого жардам берип жаткан кишини КамАЗ тебелеп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Ошто элди селден улам эвакуациялоого жардам берип жаткан кишини КамАЗ тебелеп кетти.
Шаардын мэриясынын маалыматына караганда, окуя Озгур айылында болгон.
“Жарандарды селден куткаруу үчүн КамАЗга киргизүүгө жардам берип жаткан адамды транспорт ордунан жылып кетип тебелеп кеткен. Натыйжада ал ошол жерде каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Жалпы жонунан 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.
Ошто сел аялды үч кызы менен агызып кетти