Садыр Жапаров Дональд Трампка кол салууну айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка куралдуу кол салуу аракети болду. Ал Пенсильванияда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда кулагына ок тийген. Атайын кызмат ок аткан адамды дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланды.
“Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм. Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм”, - деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.
Дональд Трамптын кол салуудан кийин биринчи жолу эл алдына чыккан видеосу