Радио

Кабылова: көчөттөр менен жашылча-жемиштердин экспорту өстү

Кыргызстандан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө көбүнчө жашылча-жемиштер жана көчөттөр экспорттолот. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Райла Кабылова билдирди.
Sputnik
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери өндүрүлгөн товарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейди. Анын ичинде айыл-чарба өндүрүмдөрү да бар. Бул тууралуу Райла Кабылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өсүмдүктөрдү экспорттоодо же импорттоодо ар бир өлкөнүн фитосаниатрдык талаптары бар.
"Быйыл экспорттун көлөмү беш айдын жыйынтыгы боюнча 284,7 миң тоннаны түздү. Анын ичинен 11,2 миллион даана көчөт Казакстан, Россия, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жашылча-жемиштердин көбү Казакстан менен Россияга сатылат. Үчүнчү өлкө Өзбекстандын рыногуна да көп чыгарылат. Быйыл жашылча-жемиштерди экспортто былтыркыга салыштырмалуу 48 миң тоннага өстү. Көчөттөрдүкү болсо 7,5 миллион даанага жогорулады. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Бизден көбүнчө алма, картошка, сабиз, капуста, кызылча, редиска, кулпунай, малина, алча, кокон гилас экспорттолот. Азыркы тапта1700 тонна клубника, 2 300 тонна кокон гилас сатылды. Картошканын экспорту жылдан жылга өсүүдө. Быйыл 35 200 тонна картошка, 19 777 тонна төө буурчак сатыкка чыкты", — деди Кабылова.
Ал жогорку тобокелдиктеги өсүмдүктөрдүн бардыгы фитосанитардык сертификаттын негизинде гана Кыргызстандын аймагына киргизилерин жана чыгарыларын кошумчалады.