Кыргызстандагы бою узун адамдардын видеомаеги

28 жаштагы Инамидин Бектемировдун бою 2 метр 10 сантиметрди түзөт. Ал боюндагы өзгөчөлүк менен сыймыктанарын, бирок убагында ички органдары бою менен кошо өсүп жетишпей көйгөй жаралганын айтат.
Sputnik
"Бокска аябай кызыкчумун. 8-классты бүтүп шаарга келгенде апам спорт мектебине алып барган. Ден соолукту текшерткенде өтпөй калгам. Боюм тездик менен өсүп кеткенине байланыштуу ички органдарым өспөй калган экен. Ошол кезде ичеги-карыным тартылып турган экен. Диета жазып беришкен. "Бул баланын ичеги карындары өсүшү үчүн эки порциядан тамак жеши керек" дешкен. Ошондон улам спорттон алыстап калгам. Азыр жакшы. Ичеги карындар өсүп, өзүнүн өлчөмүнө келди",- деди Инамидин Бектемиров.
"Аталар изи" борборунда Бектемиров сыяктуу өлкө боюнча узун бойлуу балдар, кыздар чогулган. Алар чет өлкөлөрдүн президенттери сыяктуу сыйлуу конокторду тосуп алуу иш-чараларына катышып турушат.
Тема боюнча:
Кыргызстандагы эң чоң алакандын ээси табылды. Баткендик Кубанычбектин маеги