Радио

Бакиров: Кыргызстанда 313 мекеме банкроттук абалда турат

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Эркин Бакиров мекемеде өз учурунда банкроттук процесс башталса анын пайдасы көп экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ушул жылдын соңку маалыматтары боюнча 313 мекеме банкроттук процессинде турат. Алар Банкрот иштери боюнча департаменттин реестринде катталып, Банкроттук жөнүндө мыйзамдын негизинде иш жүрөт. Бул тууралуу Эркин Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банкроттук процесстеги 200дөн ашык мекемеге администраторлор даярдалып, бардык процедуралар жасалып жатат.
"1997-жылы Банкроттук (кудуретсиз) жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул багыттагы саясатты Экономика министрлине караштуу Банкрот иштери боюнча департамент жүргүзөт. Кыргызстанда ушул жылдын акыркы маалыматтары боюнча 313 мекеме банкроттук процессинде турат. Алар Банкрот иштери боюнча департаментинин реестринде катталып, мыйзамдын негизинде иш жүрөт. Эгерде банкрот банкрот болгону убагында жарыяланып, мыйзамдын чегинде иштер аткарылса, компанияны сактап калууга да болот. Ишкерлер бул мыйзамга өзгөчө көңүл буруп, тобокелчиликтерди алдын алууну үйрөнүшү керек", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал департамент ишкерлер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүүгө даяр экендигин, банкроттукту алдын алуу механизмдерин үйрөнүп туруу керектигин кошумчалады.