Кыргызстан Өзбекстанда Соода үйүн ачууну пландап жатат

Бул эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө маанилүү кадам экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан соода үйлөрүн ачууну пландап жатканын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Ведомствонун Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков коңшу мамлекеттин инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолуккан. Анда соода-экономикалык тармактагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын багыттары талкууланган.
Муну менен бирге Кыргызстан менен Өзбекстандын соода үйлөрүн ачуу маселелери көтөрүлгөн. Бул эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө маанилүү кадам экени белгиленди.
Ошондой эле тараптар 17-июлда Ташкент шаарында өтө турган кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдыкты сүйлөшүшкөн. Мындай форумдар эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоодо, тажрыйба, идея алмашууга жана ишкердик байланыштарды түзүүдө маанилүү роль ойной турганы айтылды.
"Иннопром": Кыргызстан менен Россиянын өз ара соодасын кеңейтүү талкууланды