Катуу жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады. Кырсыктын видеолору социалдык тармактарда жарыяланууда.
Жергиликтүү жашоочулар борбордук базар менен Южный кичи районундагы жолду суу каптаганы, сел автоунааларды агызганын кабарлашты.
ӨКМ Кара-Суу районунда эки унаа агып кеткенин кабарлап, жеринде куткаруучулар жана техника иш жүргүзүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, Төлөйкөн жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайынан 420 адам эвакуацияланганы маалымдалды.
Ошондой эле суу турак үйлөрдү, короолорду жана жолдорду каптап жатканы айтылды.
Ноокат районундагы жолду сел каптап кетти. Видео