БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 281-чакырымындагы Долон ашуусундагы Сары-Булак тилкесинде болгон унаа кырсыктан жабыркагандар тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.
Ага ылайык, жол кырсыктан кийин 10 адам Нарын облустук ооруканасына медициналык жардам үчүн кайрылган. Алтоо ооруканага, анын ичинен абалы оор экөө реанимацияга жаткырылган. Төртөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Кочкор райондук ооруканасына 4 адам жаткырылган. Анын экөө жандандыруу бөлүмүндө. Каза болгон 3 адамдын сөөгү моргго жеткирилген.
Нарын облустук ооруканасына жаткырылгандар:
К.Ж.Т. аттуу 65 жаштагы аял — мээси чайкалып ийини, буттары сынган. Операция жасалып гипс салынган. Жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор;
А.к.Н. аттуу 40 жаштагы аял — мээси чайкалып, булчуң эттери жанчылган. Моюн, төш жана белдин тарамыштары чоюлуп калган. Травматология бөлүмүндө, абалы туруктуу;
Р.Т. аттуу 54 жаштагы аял — мээси чайкалып, бети айрылып кеткен. Травматология бөлүмүндө, абалы туруктуу;
Б.Н. аттуу 31 жаштагы аял — мээси чайкалып, далысында, белинде жараттар бар. Көкүрөк, белдин тарамыштары чоюлган. Травматология бөлүмүндө, абалы туруктуу;
М.А. аттуу 20 жаштагы кыз — мээси чайкалып, моюн, көкүрөк, белдин тарамыштары чоюлган. Оң ийининдеги булчуң эттери жанчылган. Травматология бөлүмүндө, абалы туруктуу;
М.Р. аттуу 5 жаштагы кыз — мээсинен оор жаракат алган. Кулагынын тарсылдагы тешилген. Балдар реанимациясына жаткырылган. Абалы туруктуу оор;
Кочкор райондук ооруканасына жаткырылгандар:
B. Ф. аттуу 74 жаштагы аял — мээсинен жаракат алып, 7-8 сол кабыргасы, сол жамбашы сынган. Сөөктөр майдаланып кеткен. Сол бутунун тарамышы жарат алып оң буту кесилип кеткен. Жандандыруу бөлүмүндө;
С.Ж. аттуу 62 жаштагы эркек киши — мээсинен жарат алып, моюндун эки омурткасы сынып кеткен. Жүлүнү жабыркаган. Жандандыруу бөлүмүндө;
Ш.у.Н. аттуу 20 жаштагы жигит — мээсинен жана сол тизесинен жаракат алган. Хирургиялык бөлүмдө;
Ж.у.К. эркек (жашы жазылган эмес) — мээси чайкалган. Хирургиялык бөлүмдө;
Оор абалдагы бейтаптарды көрүү үчүн санитардык авиация аркылуу нейротравматолог чакырылган. Адистер менен консультациялар уюштурулуп, рентген, УЗИ текшерүүлөр жүргүзүлгөнү кошумчаланды.
Эске салсак, кечээ Нарын облусунда микроавтобус жолдон чыгып кетип, үч киши каза болгон.