Бишкекте куткаруучулар жумушка алынат. Шарт-талабы

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы калаадагы Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомол көлүн реконструкциялоо иштери аяктап жаткандыгына байланыштуу куткаруучуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Жумушка орношууну каалагандар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
чөгүп бара жаткан адамды суудан чыгаруу, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын билүү;
сууда сүзүү;
куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин билүү;
куткаруучу кайыкты башкарууну билүү.
Кызматка алынган куткаруучулар нөөмөт менен иштеп, адам сууга чөккөн маалда токтоосуз жардам берүүгө даяр болушу зарыл. Ошондой эле кырсыктар жөнүндө отчеттордун китепчесин толтуруп турат.
Вакансия тууралуу толук маалыматты Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин же 0312 37 53 30 телефону аркылуу алса болот.
Диспетчер, айдоочулар жумушка алынат. Талаптары