АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка куралдуу кол салуу болду. Видео

АКШнын мурдагы президенти мыйзамсыз миграция тууралуу кеп кылып жаткан учурда ок атылып, жан сакчылары аны тегеректеп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Пенсильванияда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда атышуу болуп, саясатчы кулагы канаган тейден сахнаны таштап кетти. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү телеканаладарга шилтеме кылып жазды.
АКШнын мурдагы президентинин Батлер шаарындагы сөзү бир нече мүнөткө гана созулду. Саясатчы мыйзамсыз миграция тууралуу айтып жатканда ок атылып, сахнада турган Трамп колу менен кулагын басып, аны жансакчылар курчап калышкан. Бир-эки мүнөттөн кийин Трамп камералардын объективдерине кайрадан көрүнгөндө, коопсуздук кызматкерлери экс-президентти сахнадан алып кетип жатышкан. Анын оң кулагы канжалаганын көрүүгө болот.
АКШ президенттигине талапкер Стивен Чундун маалымат катчысынын айтымында, саясатчы Пенсильвания штатындагы ооруканалардын биринде медициналык текшерүүдөн өткөн. Трамп кийинчерээк анын кулагына ок тийип, көп кан жоготкондугун айткан. Анткен менен ал ооруканадан чыгарылганы жана Висконсин штатында боло турган Республикалык партиянын курултайына катышууга ниеттенип жатканы кабарланды.
Атайын кызмат ок аткан адамды өлтүргөн. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алган.
Окуя болгон жерден AR үлгүсүндөгү мылтык табылганы айтылды.
Байден Трамптын сакайып кетишин тилеп жатканын, бирок бул окуяны саясатчыга кол салуу аракети деп атоого жетиштүү фактылар жок экенин айткан. Кийинчерээк АКШ президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.
Атышуу боюнча тергөөнүн башкы милдетин ФБР өзүнө алганы маалымдалды. New York Post гезитинин маалыматы боюнча, Трампты өлтүрүүгө аракет кылып ок чыгарган Томас Мэттью Крукс 20 жаштагы Пенсильваниянын тургуну.
Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл жана жоопкерчилик боюнча комитети Дональд Трампка кол салуу аракетин иликтей баштады, алгачкы угуулар 22-июлга белгиленди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан Трамп Украинадагы жаңжалды чече турганын билдирди