Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Июлда Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операцияны жасоо пландалып жатканын Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, бул үчүн миллион долларга жабдуу сатып алынган. Операцияга үч бөбөк жана рак болгон бир чоң адам даярдалууда. "Өлкөдө жилик чучугун алмаштыруу боюнча көйгөй жаралып келген. Бул оору менен көбүнчө балдар жабыркайт, чоңдор дагы бар. Аны дарылоо чоң сумманы талап кылат. Чет өлкөдө операция 100-160 миң доллар турат. Биз жабдуунун баарын алдык. Трансплантологдор Россия менен Түркиядан окуп келишти", — деди министр. Буга чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылары айтылган.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге атайын медаль ыйгарды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды.ЖК төрагасы кечээ, 12-июлда, Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышкан. Шакиев отурумда жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп жаткан "Шериктештик балдары" IX эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасаган.Ал эми КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгилеген.Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар парламенттик ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы алакаларды арттырууга багытталган сунуш-пикирлер айтылганы маалым болду.
Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки поезд 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттай турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады. Маалыматта поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жететери айтылат. Ал кечкисин Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, борбор калаага 22:18де келет. "Стандарттык вагондогу орундардын баасы 73 сомдон 150 сомго чейин, ал эми люкс вагондордо 250 сомдон 500 сомго чейин, VIP вагондордо болсо 400-800 сом болот", — деп билдирди "Кыргыз темир жолу" ишканасы.
Америкалык бизнесмен жана миллиардер Илон Маск мурдагы президент Дональд Трампка Пенсильванияда кол салуу болгондон кийин аны колдоого алды. Айтымында, 26-президент Теодор Рузвельттен бери мамлекет башчылыгына мындан "мыкты" талапкер боло элек. "Акыркы жолу Америкада ушундай мыкты талапкер Теодор Рузвельт болгон", — деп жазган Маск X социалдык тармагындагы баракчасына. Ал Трампты толугу менен колдой турганын жана анын сакайып кетишине тилектештигин билдирди. Ошондой эле Маск соңку сегиз айда эки адам аны өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Алар Тесланын Техастагы баш кеңсесинен өтө алыс эмес жерден ​​курал менен кармалышкан.