ЖККУдагы өкүл: уюм Батыштын Кавказды чайпалтуу аракетин көрүп жатат

Өкүлдүн айтымында, какөыказда кырдаал туруксуздашса ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардыгынын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Батыштын Кавказ менен Иранды чайпалтуу аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Россиянын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев РИА Новостиге билдирген.
Ал Батыш Армениянын коңшу өлкөлөрүндөгү абалга да кийлигишүүгө аракет кылып жатканын айткан. Бул ЖККУну да кооптондура турганын, анткени мамлекеттерде кырдаал туруксуздашса ЖККУга мүчө бардык өлкөлөр үчүн да коопсуздук коркунучтары жараларын айткан.
"Кийлигишүү, абалды чайпалдуу аракеттери айдан ачык эле көрүнүп турат. Мындай аракеттер коңшу Иранга карата да жасалууда. Кавказда кырдаал туруксуздашып кетсе ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардыгынын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн", — деген Васильев.
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы дүйнөдөгү кырдаал курчуп кеткенин айтты