Жалал-Абаддагы газ баллондун жарылуусунан беш адам жаракат алды

Тилекке каршы, каргашада бир кыз көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен саат 10дор чамасында Жалал-Абад шаарындагы суусундук саткан жайда газ баллондун жарылуусунан беш адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Арстан Алымбаев билдирди.
"Саат 12.00гө карата маалымат боюнча, газ баллондун жарылуусунан ооруканага беш бейтап түшкөн. Анын ичинен эки бейтаптын мээси чайкалып, дагы экөөнө абалдык невроз (ситуационный невроз) диагнозу коюлду. Учурда кырсыктан жабыркаган беш кишинин баары дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Арстан Алымбаев.
Тилекке каршы, каргашадан 20-25 жаштагы азиат улутундагы кыз каза болду. Буга чейин дарыгерлер анын сөөгүн моргго өткөрүп бергенин маалымдашкан.
Жайкысын унаада кайсы буюмдарды калтырган кооптуу? Адистин эскертүүсү