Ысык-Көлдө атайын операциянын жүрүшүндө "гастролер-чөнтөкчүлөр" кармалды

Шектүүлөр Бостериде топторго бөлүнүп, коомдук жайларда кылмыш кылышканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө атайын операциянын жүрүшүндө "гастролер-чөнтөкчүлөр" кармалганын ИИМ кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча, шектүүлөр 7-8-июлда Бостериге келип топторго бөлүнүп, коомдук жайларда кылмыш кылышкан.
"8-июль күнү Ысык-Көл облусунун аймагынан шектүүлөр бараткан Audi A6 унаасы токтотулган. Машинанын салонун текшерүү учурунда уурдалган 6 телефон алынган. Алардын жашаган жерин тинткенде дагы эки телефон жана уурдалды делген 95 миң сом акча табылган", — деп жазылат маалыматта.
Натыйжада 23 жаштан 36 жашка чейинки он киши кармалып, тергөө жүрүүдө. ИИМ алар мурда бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турганын айтты.
Уурдалган төрт телефондун ээси аныкталып, кайтарып берилген.
Бишкекте элди 129 млн. сомго алдап кетти делген киши кармалды