Токмоктун билим берүү бөлүмүнүн директорун кабинетинен кармап кетишти. Видео

Ал каражатты ревизия жана текшерүү жүргүзүү шылтоосу менен алып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. УКМК Токмок шаарынын билим берүү бөлүмүнүн директорун мектеп менен бала бакча жетекчилеринен акча алып турган деген шек менен кармады.
Атайын кызматтын маалыматында, ал каражатты ревизия жана текшерүү жүргүзүү шылтоосу менен алып келген.
Видеодон ага конверттерди тапшырып турушканын, кабинетте отурганда чекисттер кирип келгенин көрүүгө болот.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка тараптар аныкталып жатат.
УКМК: Ошто майыптардан акча опузалаган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды