Садыр Жапаров Караколдогу оңдолуп жаткан аскер бөлүгүн көрдү. Сүрөттөр

Аталган бөлүктө аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүн барып көрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүн барып көрдү.

2 / 5

1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган.

3 / 5

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен объектиде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

4 / 5

Президент Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.

5 / 5

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүн барып көрдү.

1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен объектиде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле "Бедел", "Каркыра-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Президент Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.
Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки "Теплые ключи" курортун көрдү