ЖККУ коопсуздук системасы боюнча НАТОго диалог сунуштап көргөн

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россия менен Жамааттык коопсуздукту камсыздоо уюму НАТОго коопсуздук системасын түзүү боюнча сүйлөшүүнү бир нече жолу сунуштаган, бирок оң жооп ала алган эмес. Бул тууралуу Россиянын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев РИА Новостиге берген маегинде айтты.
"Биз батыш өлкөлөрү менен да диалог жүргүзүүдөн качпайбыз. Россия тараптан дагы, ЖККУ тараптан дагы НАТОнун коопсуздук системасын түзүү боюнча пикир алышууга аракеттер болгон. Биз башкалардын коопсуздугунун эсебинен өз коопсуздугубузду камсыз кылууну көздөгөн жокпуз. Тилекке каршы, биздин сунуштар оң жооп тапкан жок", — деди Васильев.
Анын айтымында, Россия менен ЖККУ НАТОнун Түндүк Атлантикадан Азия-Тынч океан аймагына өтүп жатканын көрүп турат.
НАТО коргонуусунун алсызданышына Россияны айыптоодо