Радио

Стамбаева: Олимпиадага барууну көздөгөн жаш спортчуларыбыз абдан көп

Дене тарбия жана спорт департаментинин аймактарда дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акинай Стамбаева мелдештерде жеңүүчүлүк мүнөз көп нерсени чечерин айтат.
Sputnik
Учурда эл аралык деңгээлде ийгилик жаратып жаткан спортчулардын жаштарга тийгизген таасири абдан күчтүү. Спортто телчигип келе жаткан балдар чемпиондун ийгилигин, баскан жолун көрүп, жеңиштерге шыктанууда. Бул тууралуу Акинай Стамбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калыптанып жаткан жаш спортчу үчүн ийгилик жакшы таасир берет.
"Якутскиде өткөн VIII "Азия балдары" оюндарында алган медалдардын саны биз күткөндөн азыраак болуп калды, бирок болжогон спорттун түрлөрүнөн байгелүү орундарга жеттик. Мелдештин ачылуу аземинде биздин балдар желектерди көтөрүп, ак калпактарды кийип өтүп бара жатканда абдан сыймыктандым. Мен үчүн ушул мелдештеги эң таасирдүү учур болду окшойт. Эркин күрөш боюнча барган биздин кыздар башка катышуучулардын жанында кичине көрүнүп калышты. "медаль ала албай калышты окшойт, айырма өтө эле чоң экен" деген ой келди. Бирок дал ушул кыздарыбыз мыкты күрөшүп, эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту. Кичине кыздарыбыз жакшы күрөшкөнүнө учурда биздин кыз-келиндер күрөшүндөгү улуттук курамабыздын ийгиликтери дагы кандайдыр бир деңгээлде таасир этти окшойт. Азыркы спортчуларыбыздын жолун жолдоп, олимпиадага чыксак, тарыхты жаңыртсак деген балдар абдан көп", — деди Стамбаева.
Ошондой эле ал "Азия балдары" оюндарында кыргызстандык жаш спортчулар байгелер менен эле чектелбей, жакшы тажырыйба дагы алып келгенин кошумчалады.