Радио

Октябрдан тарта бардык пенсионерлер көбөйтүлгөн пенсия ала башташат

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов октябрдан тарта электр жарыгына деп берилчү пенсиянын компенсациялык бөлүгү жокко чыгарыларын айтты.
Sputnik
Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулайт. Ошону менен катар эле аз пенсия алгандарга электр энергиясын төлөөгө берилчү 200-312 сомго чейинки компенсация жокко чыгарылат. 18 пайыз деген менен талапка ылайык 1000 сомдон кем эмес эсептелет. Андыктан компенсация алып жүргөн кээ бир жарандарга ал алып салынгандан кийин 1000 эмес 700-800 сом кошулуп калышы ыктымал. Пенсионерлер түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөбүз. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 787 000 пенсионер бар.
"Конституцияда эң төмөнкү пенсия жашоо минимумунан кем болбошу керек деп көрсөтүлгөн. Ошого ылайык өлкө башчысы пенсияны көбөйтүү боюнча жарлыкка кол коюп, алгачкы 80 миңдей пенсионер көбөйтүлгөн пенсиясын июль айынан тарта ала башташты. Экинчи этабы менен, тактап айтканда, жалпы пенсионерлер көбөйтүлгөн пенсиясын ушул жылдын октябрь айынан тарта алышат. Анда камсыздандыруу бөлүгүнө быйыл 18 пайыз кошулганы турат, былтыр бул көрсөткүч 38 пайыз болчу. Ошентип эми бизде пенсиянын эң төмөнү 6900 сомдон кем болбойт. Мындай пенсия менен камсыздоо үчүн үч айга — октябрь, ноябрь, декабрга 3 миллиард 900 миллион сом керектелет. Мунун 3 миллиард 140 миллиону пенсиялык фонддун эсебинен төлөнөт, калган 800 миллионго жакыны мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. Буга чейин жашоо минимумунан төмөн алган пенсионерлер жалпы сандын 49 пайызын түзчү. Эми бул көрсөткүч жокко чыгарылат", — деди Мукамбетов.
Ал пенсианын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатууга жыл сайын 20 миллиард сом керектелерин кошумчалады.