Нарында микроавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда микроавтобус жолдон чыгып кетип, үч киши каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Каргаша бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда болгон.
Нарын облустук ооруканасына беш аял жана төрт жаштагы кыз жаткырылган. Эки аял оор абалда реанимацияда экени айтылды.
Чоң-Алайда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алып кетти