Төрага Нурланбек Шакиевге КМШ ПААнын медалы ыйгарылды. Сүрөт

КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Жогорку Кеңештин шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо ролу чоң экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге атайын медаль ыйгарды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды.
ЖК төрагасы кечээ, 12-июлда, Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышкан. Шакиев отурумда жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп жаткан "Шериктештик балдары" IX эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасаган.
"Салтка айланган бул иш-чара шериктештикке кирген өлкөлөрдөгү келечек ээлеринин достугун бекемдеп, ынтымагын арттырууда. Ошондой эле аталган форум жаштар арасында тажрыйба алмашууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин каада-салты менен таанышууга өбөлгө түзүүдө. Андыктан жаштар арасында биримдикти чыңдап, мамлекеттер аралык байланышты кеңейтүүдө аталган форумдун мааниси өтө чоң", — деген Шакиев.
Ал эми КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгилеген.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар парламенттик ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы алакаларды арттырууга багытталган сунуш-пикирлер айтылганы маалым болду.
Матвиенко: КМШ өлкөлөрү да БРИКСке кирүүнү каалашы мүмкүн