"Каракол" аэропортунун курулушу күздө соңуна чыгат

Аба бекетинин учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каракол" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушун көрдү.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каракол" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушун көрдү.

2 / 3

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кабарда саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу күзүндө соңуна чыгып, объект пайдаланууга берилери айтылат.

3 / 3

Жапаров аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү тапшырды.

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кабарда саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу күзүндө соңуна чыгып, объект пайдаланууга берилери айтылат.
"Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Жапаров аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү тапшырды. Өлкө башчы "Каракол" аэропорту чет жактан туристтерди тартып, алардын агымын көбөйтүүгө өбөлгө болорун белгилеген.
Садыр Жапаров Караколдогу оңдолуп жаткан аскер бөлүгүн көрдү. Сүрөттөр