Ирандын жаңы президенти Россия баалуу стратегиялык өнөктөш бойдон каларын айтты

Пезешкиан Россия менен БРИКС, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарынын алкагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россия Ирандын баалуу стратегиялык өнөктөшү жана ынак коңшусу, Тегеран ортодогу кызматташууну бекемдей берет. Бул тууралуу өлкөнүн жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Иранда шайлоонун экинчи айлампасы 5-июлда өткөн. Андан соң өлкө БШКсы реформатор Масуд Пезешкиан атаандашы Саид Жалилиден озуп, жеңишке жеткенин расмий жарыялаган.
Пезешкиан "Жаңы дүйнөгө кайрылуум" деп аталган макаласында Россия менен БРИКС, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарынын алкагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеген.
Россия президенти Владимир Путин 8-июлда Масуд Пезешкиан менен телефондон сүйлөшүп, куттуктаган. Жаңы шайланган өлкө башчы баарлашуу маалында Казанда октябрь айында өтө турган БРИКС саммитинин алкагында жалпы келишимге кол коюуга даярдыгын билдиргени маалым болду.
Түркия ШКУга мүчө болуп кирүү ниетинде