Эмгек министрлиги 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ведомство жөлөк пул тууралуу маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Социалдык тармакта тарап жаткан 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат — фейк. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.
Ведомство кыргызстандыктарды жөлөк пулду жогорулатуу жөнүндө жазылган шектүү шилтемелерге кирбөөгө чакырган.
"Бул фейк маалымат. Шылуундар эсебиңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн", — деп эскертти министрлик.
Жөлөк пул тууралуу расмий маалыматтар ведомствонун сайтында, расмий баракчаларында жана ЖКМларда жайгаштырылат.
Катаал аймакта жашаган 3 жашка чейинки бөбөктүн баарына жөлөк пул берүү колдоо тапты