Бишкектен Балыкчыга чейинки поезд эми күн сайын каттамай болду

Билеттер 73 сомдон 800 сомго чейин сатылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки поезд 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттай турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
1 / 4

Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки поезд 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттай турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

2 / 4

Маалыматта поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жететери айтылат.

3 / 4

Ал кечкисин Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, борбор калаага 22:18де келет.

4 / 4

Стандарттык вагондогу орундардын баасы 73 сомдон 150 сомго чейин, ал эми люкс вагондордо 250 сомдон 500 сомго чейин, VIP вагондордо болсо 400-800 сом болот

Маалыматта поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жететери айтылат. Ал кечкисин Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, борбор калаага 22:18де келет.
"Стандарттык вагондогу орундардын баасы 73 сомдон 150 сомго чейин, ал эми люкс вагондордо 250 сомдон 500 сомго чейин, VIP вагондордо болсо 400-800 сом болот", — деп билдирди "Кыргыз темир жолу" ишканасы.
Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан же railway.kg мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 станциясынын кассасынан сатып алса болот.
Сурап-билүү номерлери: (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40, 0 705 07-66-96.
Пресс-борбор
Орунтаев: турсезон аяктагыча Ысык-Көлдөгү мыйзамыз курулуштарды алабыз