Бала бакча ачууну каалагандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө. Шарты

Акча берүүдө элдин бакчага болгон муктаждыгы, балдардын саны, анын жайгашкан жери эске алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди.
Кредит алууну каалагандар арызын министрликтин өзүнө же edu@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу жөнөтсө болот.
Арызда шарт боюнча төмөнкү маалыматтар болушу зарыл:
байланыш маалыматы, бала бакчанын дареги;
насыя алуунун максаты;
мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, каражат, персонал, балдарга түзүлө турган шарты кенен чагылдырылган бизнес-план;
санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтери.
Арызды кароодо элдин бала бакчага болгон муктаждыгына, балдардын санына, анын жайгашкан жерине басым жасалат.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0312 66 36 92 же 0554347844 телефон номерлерине жана "Элдик Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ААКтарына кайрылса болот.
Жарым жылда ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар айтылды