Bloomberg: демөөрчүлөр шайлоодо Байденге каршы турган демократтарга жардам берүүдө

Ири демөөрчүлөр Жо Байденге деген акчаларын тоңдурушту.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Демократиялык партиянын ири демөөрчүлөрү АКШ лидери Жо Байденди президенттик шайлоодон баш тартууга чакырган саясатчыларды каржылап жатканын Bloomberg жазды.
Басылма НАТОнун резонанс жараткан саммитиндеги Байдендин билдирүүлөрүнөн кийин аны президенттик жарыштан баш тартууга чакырган конгрессмендер тизмесине Өкүлдөр палатасынан кеминде үч демократ кошулганын белгилеген.
Кеп Galaxy Digital LP компаниясынын негиздөөчүсү Майк Новогратц менен демократтарга 2 миллион доллар берген продюсер Эндрю Ярекки жөнүндө болуп жатат.
"Мындай кайрымдуулук демократтардын демөөрчүлөрү президенттин үгүт кампаниясына акча бөлүүнү токтотуп, каражатты башка жакка сарптап жатканын далилдейт. Демократтарга акча чогулткан уюштуруучулардын биринин айтымында, ири демөөрчүлөр Байденге деген акчаны тоңдуруп, анын ордуна демократтар жеңе ала турчу Конгресстин кампанияларына инвестиция салууну көздөшүүдө", — деп жазылат маалыматта.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
АКШнын союздаштары Байдендин шайлоодо жеңишке жетерине ишенбейт