Бишкекте элди 129 млн. сомго алдап кетти делген киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаада ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген 31 жаштагы киши кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Шектелген 31 жаштагы киши
Өткөн жылдын 12-июнунда А.И. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал М.У. аттуу адам 2022-жылы жабырлануучунун ишенимине кирип, оор жүк ташуучу унаа сатып алууга жардам берем деп 40 миң долларын алган бойдон изин суутуп кеткенин айткан.
Милиция бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") кылмыш ишин козгоп, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизген.
"Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экендигин аныкталып, келтирилген жалпы зыян 129 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Жогоруда айтылган кылмышка шектүү кишиден жабыркагандар болсо милицияга (0706) 10-21-02, 102 телефондору аркылуу кабарлап койсо болот.
Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды. Видео