Аял кишини үй-бүлөгө тарта берет экен. Айзада Жамгырчиеванын видеомаеги

Жагымдуу үнү, өжөр мүнөзү менен айырмаланган алып баруучу Айзада Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди.
Sputnik
Ал азыркы жашоосун мурда эле так элестетип, "визуализация" кылып келгенин айтат. Кичинекей Айзада өз алдынчалуулук менен жоопкерчиликти ата-энеси ишеним көргөзүп, кийим алганы Талас шаарына жалгыз өзүн жөнөтө баштаганда сезген. Жамгырчиева телевидениеге алгач барган учурунда "келбетиң эфирге туура келбейт" деген сыяктуу сөздөрдү угуп, кийинчерээк тыкылдап сүйлөгөн Айзаданын образы жаралган.
"Бул менин сахнадагы образым... Мен үйдө такыр көп сүйлөбөйм. Мындай Айзадалар көп. Элге жүрөгү ооруган, маанайы жок Айзада кызыксыз да", — деди Жамгырчиева.
Алып баруучу жакында эле турмуш жолуна аттанып, Талас менен Ошту жакындатканы белгилүү. Маек учурунда жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр, үлпөт той, калың маселеси, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Тема боюнча:
Апам "балам, чыда" дечү. Дүйнө чемпиону Келдибек Атайбек уулунун маеги
Аялдан акча аябаган эркек бай болот экен. Эрке бала Аргендин видеомаеги