14-июлга карата аба ырайы

14-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-Июл. — Sputnik. 14-июлд күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын жергесинде +20...+25 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +32...+34 градус болсо, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Нөшөрлөп жаан жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты