Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Борбор калаадан Ысык-Көлгө чейинки поезд 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттай турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.Маалыматта поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жететери айтылат. Ал кечкисин Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, борбор калаага 22:18де келет. Стандарттык вагондогу орундардын баасы 73 сомдон 150 сомго чейин, ал эми люкс вагондордо 250 сомдон 500 сомго чейин, VIP вагондордо болсо 400-800 сом болот.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди. Ведомстводон билдиришкендей,текшерүүнүн жүрүшүндө административдик имараттар, диспетчердик пункттар, техникалык парктар, энергетикалык жабдууларды сактоочу кампаларга өзгөчө көңүл бурулду. Министр күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүш үчүн, сатылып алынган материалдар, электр жабдыктар да сапаттуу болушу керектигин баса белгиледи.
Балыкчы шаарында эл аралык стандарттагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекси курулуп, ушул жылы ишке берилгени турат. Бул тууралуу шаар мэри Азамат Анарбек уулу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.Анын айтымында, тарыхта биринчи жолу шаарыбызга олимпиадалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлүп, чет элден келген спортчулардын да машыгып, даярдык көрүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлгөнү турат. Анткени, комплекске улай эле беш жылдыздуу мейманкана дагы курулат. Ошентип, эми Балыкчы шаарында эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ал белгилегендей, бул комплекс балыкчылыктардын көптөн күткөн эңсөөсү болуп келди эле ага учкай "Балыкчы шаарынын өнүгүүсүнүн он багыты" болгон программанын 9-багыты "спорттук туризми өнүккөн шаар" багыты да бул ири долбоорго шайкеш келет.
НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинин жыйынтыгы менен биргелешип кабыл алынган декларацияны Пентагондун мурдагы аналитиги жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы подполковниги Карен Квятковски сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, илгерки убакта документте айтылгандар "согуш жарыялоо" катары кабыл алынмак.Аналитик документ ири согуш ачууну көздөй турганын, аны түзгөн альянс алысты көрө билбеген, уюшулгандан бери бир дагы согушту жеңбеген, анын ичинде өздөрү баштаган чатакты дагы утуп чыкпаган уюм экенин айткан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 30 тыйынга 1 евро 92 сом 86 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. Аба ырайы14-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын жергесинде +20...+25 градус жылуу болот. Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.