20-30 жаштагылар инсульт, инфаркт болууда. Ооруну алдын алуу жолу

Инсульт, инфаркт негизинен кан тамырлардын бүтөлүп, кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптыктын башкы себеби болуп саналарын эскертип, аны кантип алдын алса болорун айтты.
Маалыматка караганда, жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту өлүмгө кептей турчу илдеттер.
"Инфаркт менен инсульт жыл сайын жашарууда. Бул илдеттер 30 жаштагы, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктардын өмүрүн алып жатат. Алар негизинен кан тамырлардын бүтөлүп, кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот", — деп айтылат билдирмеде.
Коркунучтуу дарттарды алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн, спирт ичимдигинен баш тартып, туура тамактанып, ашыкча салмактан арылып көбүрөөк кыймылдаш керек.
Кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана гиперлипидемия сыяктуу тобокелдик факторлор да бул ооруларды шарттайт.
Бир күндө канча туз же шекер жесе болот? Бишкектик дарыгерлердин кеңеши