Радио

Жаш чемпиондорду даярдоо үчүн ар бир облуска 17 млн. сомдон берилет

Дене тарбия жана спорт департаментинин аймактарда дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акинай Стамбаева долбоордун алкагында жылда бир облуска 17 миллион сом бөлүнөрүн айтты.
Sputnik
Аймактардагы жаш спортчулардын өсүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында "Мен — чемпион" аталышындагы пилоттук долбоор ишке кирди. Ал жылда облустардын биринде өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Акинай Стамбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адистин айтымында, долбоор чүчү кулактын негизинде алгач Нарындан башталган.
"Быйыл "Мен — чемпион" аттуу пилоттук долбоор башталды. Ал аймактардагы жаш спортчулардын өсүүсүнө жакшы шарттарды түзүү, жаштарды спортко үндөө максатында ишке кирди. Долбоорго спорттун олимпиадалык 14 түрү камтылган. Уткандар VIII "Азия балдары" оюндарына барган кыргызстандык жаш спортчулардын катарын толуктап, эл аралык мелдеште дагы жакшы натыйжа көргөзүштү. Өзгөчөлүгү — чүчү кулактын негизинде долбоор улам бир облустан экинчисине өтүп турат. Быйыл Нарында болуп, анын алкагында 17 миллион сом бөлүнгөн. Каражат Нарындагы спорт мектептерине, спорттук жабдууларга, имараттарды оңдоп-түзөөгө жумшалат. Акча кайда кандай коротулганы тууралуу отчёт алынып, такталып турат. Мисалы, Нарында быйыл имарат алынды, ал жерде биздин башкармалык отурат. Ошону менен бирге эле имаратта жатакана жана башка бардык керектүү шарты менен 30 орундуу окуу-машыгуу өткөрсө боло турган жай бар", — деди Стамбаева.
Ошондой эле ал кийинки жылы долбоор Чүй облусунда өтөрүн кошумчалады.