Май айында Кыргызстандан сыртка 32,4 млн. доллар которулду

Мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 2024-жылдын май айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 253,3 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.
Каражаттын негизи бөлүгү — 236,8 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинде Россиядан 236,3 миллион доллар которулса, коңшу Казакстандан 200 миң доллар кирген.
Өлкөгө келген акчанын калган бөлүгү (16,6 миллион доллар) алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Алардын арасынан АКШдан 6,3 миллион доллар, Түркиядан 1,5 миллион доллар түшкөн.
Башкы банк май айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 32,4 миллион доллар чыкканын билдирди. Анын 26,7 миллиону КМШ өлкөлөрүнө, 5,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өлкөлөр боюнча алганда, Россияга 25,8 миллион доллар которулса, Түркияга 5,4 миллион жиберилген.
Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга дээрлик 690 миллион доллар которулган, ал эми 138,3 миллион доллар сыртка чыккан.
Акылбек Жапаров Россиянын банктарын Кыргызстанда филиалдарын ачууга чакырды